# 110-берене. Аскер бөлүгүнүн командачылыгынын аскер кызматчыларына байкоо жүргүзүүсү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-110>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-110.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 110-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-110

---

1. Аскер кызматчысы же окуу жыйындарына чакырылган аскерге милдеттүү болуп саналган айыпталуучуга аскер бөлүгүнүн командачылыгынын байкоо жүргүзүүсү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Уставында каралган жана бул адамдын талаптагыдай жүрүм-турумун, тергөөчүнүн, прокурордун же соттун чакыруусу боюнча келишин камсыз кылуу үчүн чараларды көрүүдөн турат.

2. Аскер бөлүгүнүн командачылыгына аталган бөгөт коюу чарасы колдонулган иштин маңызы жөнүндө билдирилет. Аскер бөлүгүнүн командачылыгы айыпталуучуга байкоо жүргүзүү белгиленгендиги жөнүндө тергөөчүгө же сотко жазуу жүзүндө маалымдайт.

3. Айыпталуучу алдын алуу үчүн аталган бөгөт коюу чарасы колдонулган аракеттерди жасаган учурда командачылык тергөөчүгө же сотко дароо кабарлоого милдеттүү.

---

Мурунку берене: [1091-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-1091)  
Кийинки берене: [111-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-111)
