# 11-берене. Инсандын ар-намысын жана кадыр-баркын урматтоо принциби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 11-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-11

---

1. Инсандын ар-намысын жана кадыр-баркын урматтоо кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышкан бардык органдар жана адамдар үчүн милдеттүү.

2. Тергөө, сот жана башка процессуалдык аракеттерди жүргүзүүдө коркутууга, зомбулук жана башка мыйзамсыз аракеттерди жасоого жол берилбейт.

3. Камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалып алынган адамды, ошондой эле кылмыш жасоодо шектүү болуп кармалган адамды камакта кармоо, анын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирбей турган шартта жүзөгө ашырылууга тийиш.

4. Ишке катышкан адамдардын эч кимиси зомбулукка, кыйноолорго жана башка ырайымсыз же адамдын кадыр-баркын кемсинтүүчү мамилеге жана жазага тартылышы мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-12)
