# 1091-берене. Электрондук байкоо жүргүзүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 июля 2024 года № 133 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере защиты прав предпринимателей и инвесторов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011167)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.07.2024 [Закон КР от 22 июля 2024 года № 133 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере защиты прав предпринимателей и инвесторов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011167); 16.02.2024 [Закон КР от 16 февраля 2024 года № 49 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001823)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308#diff=21156..21166>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-1091>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-1091.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 1091-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-1091

---

1. Электрондук байкоо жүргүзүү - айыпталуучуга карата белгиленген тыюулардын жана (же) чектөөлөрдүн сакталышын камсыз кылуу максатында электрондук жана башка техникалык каражаттарды колдонуу менен анын турган жерин аралыктан контролдоо жана көзөмөлдөө.

Электрондук байкоо жүргүзүү төмөнкүлөр боюнча айыпталуучуларга карата колдонулбайт:

1) өзгөчө оор кылмыштар;

2) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин VI бөлүмүндө каралган оор кылмыштар.

11. Экономикалык ишти жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттерине карата бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө маселени чечүүдө биринчи кезекте электрондук байкоо жүргүзүүнү колдонуу каралууга тийиш.

2. Электрондук байкоо жүргүзүү түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө чечим айыпталуучу, анын адвокаты, мыйзамдуу өкүлү берген бул бөгөт коюу чарасын колдонуу мүмкүндүгү жөнүндө өтүнмөсүн кароонун жыйынтыгы боюнча тергөөчү, прокурор, тергөө судьясы, судья, сот тарабынан кабыл алынат.

Электрондук байкоо жүргүзүү түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө чечимде бул бөгөт коюу чарасын аткаруунун шарттары (айыпталуучу анын чегинен кете албаган аймак, айыпталуучуга карата белгиленген тыюулар жана (же) чектөөлөр) көрсөтүлөт, ошондой эле белгиленген чектөөлөрдүн сакталышын контролдоо жүктөлгөн орган же кызмат адамы көрсөтүлөт. Айыпталуучудан бөгөт коюу чарасын колдонгон органдын уруксатысыз тиешелүү аймактан кетпөө, белгиленген тыюуларды жана (же) чектөөлөрдү сактоо, тергөө өндүрүшүнө жана сотто ишти териштирүүгө тоскоолдук кылбоо, чакыруу боюнча белгиленген мөөнөттө келүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү милдеттенме алынат.

3. Электрондук байкоо жүргүзүүнү аткаруу шарттары жана контролдоонун электрондук жана башка техникалык каражаттарын пайдалануу тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

4. Айыпталуучу электрондук байкоо жүргүзүү шарттарын бузган учурда, ага башка бөгөт коюу чарасы колдонулат, бул жөнүндө тергөөчүнүн, прокурордун, тергөө судьясынын, судьянын чечиминде же соттун бөгөт коюу чарасын өзгөртүү жөнүндө аныктамасында көрсөтүлөт.";

(КР 2024-жылдын 16-февралындагы № 49, 2024-жылдын 22-июлундагы № 133 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [109-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-109)  
Кийинки берене: [110-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-110)
