# 108-берене. Бөгөт коюу чараларын колдонуу жөнүндө токтом жана аныктама

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-108>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-108.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 108-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-108

---

1. Күрөө, үй камагы жана камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө тергөө судьясы, сот адам айыпталып жаткан кылмышты көрсөткөн жана бөгөт коюунун бул чарасын колдонуу үчүн негиздерди камтыган токтом, аныктама чыгарышат.

2. Токтомдун же аныктаманын көчүрмөлөрү ага карата чыгарылган адамга, ошондой эле анын адвокатына, мыйзамдуу өкүлүнө жана прокурорго тез арада берилет.

3. Ошол эле убакта бөгөт коюу чарасы колдонулган адамга ушул Кодекстин 16-главасында аныкталган бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө чечимге даттануу тартиби түшүндүрүлөт.

---

Мурунку берене: [107-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-107)  
Кийинки берене: [109-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-109)
