# 107-берене. Бөгөт коюу чарасын колдонууда эске алынуучу жагдайлар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-107>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-107.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 107-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-107

---

1. Бөгөт коюу чарасын колдонуунун зарылчылыгы жөнүндө маселени чечүүдө, ушул Кодекстин 105-беренесинде каралган негиздер болгон учурда анын түрүн аныктоодо тергөө судьясы, сот айыптын негиздүүлүгүн, айыпталуучунун инсандыгы жөнүндө маалыматтарды, анын курагын, ден соолугун, үй-бүлөлүк абалын, ишинин түрүн жана башка жагдайларды эске алат.

2. Тергөөчү, сот төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) камоого алынган адамдын көзөмөлсүз калган балдары бар болсо, аларды тиешелүү адамдардын же уюмдардын камкордугуна өткөрүп берүүгө;

2) камакка алынган адамдын кароосуз калган мүлкү же турак жайы бар болсо, аны кайтаруу чараларын көрүүгө.

3. Көрүлгөн чаралар жөнүндө тергөөчү, сот камакта жаткан шектүүгө, айыпталуучуга маалымдайт.

---

Мурунку берене: [106-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-106)  
Кийинки берене: [108-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-108)
