# 105-берене. Бөгөт коюу чарасын колдонуу үчүн негиздер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-105>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-105.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 105-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-105

---

1. Айыпталуучу тергөөдөн же соттон жашырынып кетүүсү же болбосо күбөгө же кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларына коркунуч келтирүүсү, далилдерди жок кылуусу, башка жол менен тергөөнү жана ишти сотто териштирүүнү объективдүү жүргүзүүгө тоскоолдук кылуусу, же болбосо кылмыштуу иш менен алектенүүнү улантуусу жөнүндө болжоого жетиштүү негиздер болсо, ошондой эле өкүмдүн аткарылышын камсыз кылуу үчүн тергөөчү, прокурор, тергөө судьясы жана сот өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде бул адамга карата ушул Кодекстин 104-беренесинде каралган бөгөт коюу чараларынын бирин колдонушат.

2. Ушул Кодекстин 528-беренесинде каралган тартипте кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу үчүн аны өткөрүп берүүнү камсыз кылуу же соттун өкүмүн аткаруу максатында адамды камакта кармоо түрүндө бөгөт коюу чарасы колдонулушу мүмкүн.

---

Мурунку берене: [104-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-104)  
Кийинки берене: [106-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-106)
