# 104-берене. Бөгөт коюу чаралары жана алардын түрлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 февраля 2024 года № 49 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001823)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308#diff=2086..5972>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-104>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-104.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 104-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-104

---

1. Кылмыш иши боюнча тергөөнүн жана соттук териштирүүнүн жүрүшүндө анын туура эмес жүрүм-турумун алдын алуу үчүн айыпталуучуга карата колдонулуучу чаралар бөгөт коюу чаралары болуп саналат.

2. Бөгөт коюу чараларынын түрлөрү:

1) башка жакка чыкпоо жөнүндө кол коюу

11) электрондук байкоо жүргүзүү;

2) аскер бөлүгүнүн командачылыгынын көзөмөлдөөсүнө берүү;

3) баланы ата-энесинин же аларды алмаштырган адамдардын жана уюмдардын көз салуусуна берүү;

4) күрөө алуу;

5) үй камагы;

6) камакка алуу.

3. Башка кылмыш жасаган учурларды кошпогондо, бир эле адамга карата, бир гана бөгөт коюу чарасы колдонулушу мүмкүн.

Ар кандай кылмыш иштери боюнча бир эле адамга карата бөгөт коюу чараларынын эки же андан ашык түрлөрү колдонулган учурда эң оор бөгөт коюу чарасы колдонулат. (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 16-февралындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [103-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-103)  
Кийинки берене: [105-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-105)
