# 102-берене. Кармалгандыгы жөнүндө шектүүнүн туугандарына жана адвокатына маалымдоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 октября 2026 года № 148 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уведомления лиц государственными органами посредством сервиса гарантированной доставки сообщений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230052090)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308#diff=56829..59873>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-102>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-102.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 102-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-102

---

1. Иш жүзүндө кармалгандан кийин тергөөчү шектүүнүн кармалгандыгы жөнүндө анын жакын туугандарынын кайсы бирөөнө, жубайына, ошондой эле адвокатына кабарламаны жиберүү жана алуу фактысын белгилөөгө мүмкүнчүлүк берүүчү кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу токтоосуз кабарлоого милдеттүү.

Кабарламаны көрсөтүлгөн сервис аркылуу жиберүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүк же болбосо зарыл болгон маалыматтар жок болгон учурда, кабарлама тиешелүү кабарлама жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү, электрондук почта же телекоммуникациянын башка ушуга окшош формалары аркылуу жөнөтүлөт. Тергөөчү шектүүнүн өзүнө да акысыз кабарлоо мүмкүнчүлүгүн берүүгө милдеттүү. Жүргүзүлгөн кабарлоо жана аны жүзөгө ашыруунун ыкмасы тууралуу тиешелүү белги кармоо жөнүндө токтомго коюлат. Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервисинин иштөө тартиби, ошондой эле көрсөтүлгөн сервис аркылуу кабарламаларды (кабарлоолорду, чакыруу кагаздарын, документтерди) жиберүү, жеткирүү жана белгилөө Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

2. Эгерде кармалган шектүү башка мамлекеттин жараны болуп саналса, ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн тартипте, ал мамлекеттин элчилигине же болбосо консулдугуна маалымдалууга тийиш, бул тууралуу кармоо жөнүндө токтомго белги коюлат. Кыргыз Республикасынын аймагында ал мамлекеттин элчилиги же консулдугу жок учурда маалымдоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.

3. Кылмыш жасоого шектүү бала кармалганда анын мыйзамдуу өкүлдөрүнө жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга токтоосуз билдирилет.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-октябрындагы № 148 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [101-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-101)  
Кийинки берене: [103-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-103)
