# 100-берене. Кармалган шектүүнү бошотуунун негиздери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-100>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-100.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 100-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-100

---

1. Кармалган шектүү соттун чечими, тергөөчүнүн же прокурордун токтому менен бошотулууга тийиш, эгерде:

1) кылмыш жасоодон шектенүү далилденбесе;

2) кармоонун мыйзамда белгиленген мөөнөтү өтүп кетсе;

3) камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чараларын колдонууга негиз же зарылчылык болбосо;

4) кармоо ушул Кодекстин 96 жана 97-беренелеринин талаптарын бузуу менен жүргүзүлсө.

2. Кармалган учурдан тартып 48 сааттын, ал эми балдарга карата 24 сааттын ичинде, кармоо жайынын начальнигине кармалганга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө токтом келип түшпөсө, анда кармоо жайынын начальниги кармалганды токтоосуз бошотот жана иш өндүрүшүндө турган тергөөчүгө жана прокурорго маалымдайт, бул жөнүндө протокол түзүлөт.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн талаптары аткарылбаса, кармалганды кармоо жайынын начальниги мыйзамда белгиленген жоопкерчилик тартат.

4. Кармалганды кармоо жайынын начальниги тарабынан шектүүнү бошотууда ага маалымкат берилип, анда ким тарабынан кармалгандыгы, кармоонун негизи, орду жана убактысы, бошотуунун негизи жана убактысы көрсөтүлөт.

---

Мурунку берене: [99-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-99)  
Кийинки берене: [101-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-101)
