# 1-берене. Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза сот өндүрүшү жөнүндө мыйзамдары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 1-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-1

---

1. Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш-жаза сот өндүрүшү Кыргыз Республикасынын Конституциясына (мындан ары – Конституция) жана ушул Кодекске ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдары Конституцияга негизделген ушул Кодекстен, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринен жана ченемдеринен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерден (мындан ары – эл аралык келишимдер) турат.

3. Кылмыш-жаза процессуалдык сот өндүрүшүнүн тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболору ушул Кодекске киргизилген шартта гана колдонулууга жатат.

4. Эгерде кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине же Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чечилүүсү тийиш болгон маселени кароо зарылдыгы келип чыкса, ал тиешелүү тартипте чечилет.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-2)
