# 90-берене. Эмгек акыны, пенсияны, жөлөкпулду, стипендияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөбөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 июня 2026 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда, социального обеспечения и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048140)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=54769..55400>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-90>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-90.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 90-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-90

---

(Аталышы Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 23-июнундагы № 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1. Менчигинин түрүнө карабастан ишкананын, мекеменин же уюмдун кызмат адамы тарабынан эмгек акыны, пенсияларды, жөлөкпулдарды, стипендияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөбөө же өз убагында төлөбөө -

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Иш берүүчүнүн өндүрүштөгү күтүүсүз кырсык же кесиптик оорунун кесепетинен эмгекке жарамдуулугун толук же жарым-жартылай жоготкон кызматкерге бир жолку берилүүчү жөлөкпулду жана зыяндын ордун толтуруучу суммаларды төлөбөөсү, –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 23-июнундагы № 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [89-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-89)  
Кийинки берене: [901-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-901)
