# 87-берене. Эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдын талаптарын бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-87>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-87.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 87-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-87

---

1. Сунуш кылынган жумуш медициналык корутундуга ылайык анын ден соолугу үчүн зыяндуу болуп саналган адам менен эмгек келишимин түзүү, –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Өзүнчө категориядагы адамдарды түнкү, ченемден ашык иштерге же дем алыш күндөрдө ишке тартуу эрежелерин бузуу –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Өзүнчө категориядагы адамдарды оор иштерге, зыяндуу же коркунучтуу эмгек шарттары бар иштерге тартуу эрежелерин бузуу –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Иш берүүчүнүн кызматкерлердин ден соолугу жана коопсуз эмгек шарттарын түзүү, санитардык-гигиеналык ченемдерди жана техникалык регламенттердин жана эмгекти коргоо боюнча башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоону камсыз кылуучу каражаттарды жана технологияларды киргизүү боюнча милдеттерин аткарбоосу же талаптагыдай аткарбоосу, –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

5. Жарандарды жумуштан негизсиз четтетүү –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга – 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [86-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-86)  
Кийинки берене: [871-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-871)
