# 8-берене. Мыйзам алдындагы теңдик принциби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 8-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-8

---

1. Укук бузуу жасаган жеке жактар мыйзам алдында тең жана жынысына, расасына, тилине, майыптыгына, этностук таандыктыгына, диний ишенимине, саясий же башка ынанымдарына, билимине, тегине, мүлктүк же башка абалына, ошондой эле башка жагдайларга карабастан, жоопкерчиликке тартылууга тийиш.

2. Укук бузуу жасаган юридикалык жактар мыйзам алдында тең жана менчигинин түрүнө, турган жерине, уюштуруучулук-укуктук түрүнө, баш ийүүсүнө жана башка мүнөздөмөлөрүнө карабастан, жоопкерчиликке тартылууга тийиш.

3. Жеке жана юридикалык жактар үчүн жаза чаралардын ар кандай түрлөрү жана өлчөмдөрү белгиленген ушул Кодекстин жоболорунда мыйзам алдында теңдик принциби бузулбайт.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-9)
