# 77-берене. Фармацевтикалык иштин субъекттери тарабынан дары каражаттарын, медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө белгиленген тартипти, талаптарды, эрежелерди бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 декабря 2024 года № 195 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам здравоохранения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230019398)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=23436..23526>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-77>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-77.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 77-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-77

---

1. Сапатсыз, бурмаланган, жарактуулук мөөнөтү бүткөн, жарабай калган дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды ташып келүү, өндүрүү, даярдоо, дүңүнөн же чекене сатуу жана/же берүү, -

жеке жактарга 1000 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Дары каражаттарын санариптик маркалоо эрежелерин бузуу менен дүңүнөн же чекене сатуу, -

жеке жактарга 1000 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Рецепттерди жазуу эрежелерин бузуу же рецепттик дары каражаттарын рецепти жок чекене сатуу жана берүү, -

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Предметтик-сандык эсепке алынууга тийиш болгон дары каражаттарын чекене сатуу жана берүү эрежелерин бузуу, -

жеке жактарга 1000 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

5. Дары каражаттарын сактоо эрежелерин бузуу, -

жеке жактарга 300 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 500 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

6. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксатысыз клиникалык изилдөөлөрдү (сыноолорду) жүргүзүү -

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

7. Клиникалык изилдөөлөрдү (сыноолорду) жүргүзүү тартибин бузуу, -

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

8. Ушул берененин 1-7-пункттарында көрсөтүлбөгөн дары каражаттарын, медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө белгиленген тартипти, талаптарды, эрежелерди бузуу, -

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 500 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декбрындагы № 195 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [76-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-76)  
Кийинки берене: [771-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-771)
