# 76-берене. Фармацевтикалык иштин субъекттери тарабынан дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатууда бааларды жөнгө салуунун белгиленген эрежелерин бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 декабря 2024 года № 195 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам здравоохранения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230019398)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=23436..23526>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-76>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-76.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 76-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-76

---

1. Чекене сатууда дары каражаттарына жана медициналык буюмдарга мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу бааларды жана үстөк бааларды жогорулатуу -

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жаза чаралары колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайталанып жасалса, -

жеке жактарга 500 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 800 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Дүңүнөн сатууда дары каражаттарына жана медициналык буюмдарга мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу бааларды жана үстөк бааларды жогорулатуу -

жеке жактарга 500 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 800 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жаза чаралары колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайталанып жасалса, -

жеке жактарга 1000 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

5. Өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал, аскердик абал шартында жана (же) айланасындагыларга коркунуч жараткан оорунун жайылуу коркунучу жаралган учурда, ошондой эле чектөөчү экономикалык чаралар киргизилген шарттарда киргизилген дары каражаттарына жана медициналык буюмдарга мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу бааларды жана үстөк бааларды жогорулатуу -

жеке жактарга 1000 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декбрындагы № 195 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [75-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-75)  
Кийинки берене: [77-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-77)
