# 74-берене. Балдардын ден соолугуна, алардын дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 9 августа 2023 года № 176 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, законы Кыргызской Республики "О мерах по предупреждению причинения вреда здоровью детей, их физическому, интеллектуальному, психическому, духовному и нравственному развитию в Кыргызской Республике", "О средствах массовой информации")](https://aqlex.ai/kg/doc/112655)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=1283334..1283338>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-74>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-74.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 74-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-74

---

1. Балдардын ден соолугуна, алардын дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузуу, анын ичинде алардын жүрүүсүнө тыюу салынган же чектелген жерлерде балдардын болуусуна (ата-энесинин, аларды алмаштыруучу адамдардын, ошондой эле тиешелүү объекттердин ээлеринин) уруксат берүү, -

жеке жактарга - 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Балдардын ден соолугуна же өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү, балдар арасында таратууга тыюу салынган маалыматты таратуу, эгерде бул аракеттер кылмыш жазасына тартуучу жосунду камтыбаса, -

жеке жактарга - 20 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттарын жана (же) маалымат-телекоммуникациялык тармактарды (анын ичинде Интернет тармагын) колдонуу менен жасалган, ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган аракеттер, эгерде бул аракеттер кылмыш жазасына тартуучу жосунду камтыбаса, -

жеке жактарга - 50 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 250 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 176 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [73-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-73)  
Кийинки берене: [741-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-741)
