# 7-берене. Мыйзамдуулук принциби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 7-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-7

---

1. Укук бузуу, жаза чарасы жана кошумча укуктук кесепеттер ушул Кодексте аныкталат.

2. Ушул Кодексте каралган адамдын жана жарандын ден соолугуна, жеке жана юридикалык жактардын жеке менчик укугуна кол салгандыгы, коомдук тартипти, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары (мындан ары – ченемдик укуктук актылар) менен белгиленген башка талаптарды бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылууга тийиш.

3. Укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарды окшоштугу боюнча колдонууга тыюу салынат.

4. Укук бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу ыйгарым укуктуу органдар тарабынан ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда белгиленген алардын ыйгарым укуктарынын негизинде жана чектеринде жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-8)
