# 65-берене. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу, үгүт жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 июля 2026 года № 110 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048805)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=55400..56162>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-65>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-65.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 65-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-65

---

(Статьянын аталышы Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 14-июлундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1. Шайлоочу, байкоочу, талапкер же анын өкүлү, ишенимдүү адамы тарабынан шайлоо жөнүндө мыйзамдарда каралган шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарынын бузулушу, –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Жалпыга маалымдоо каражаты тарабынан жасалган ошол эле жосун, –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Саясий партия же анын өкүлү, ишенимдүү адамы тарабынан жасалган ошол эле жосун, –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Шайлоо мыйзамдарында каралган шайлоо алдындагы мыйзамдуу үгүт жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу -

жеке жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

5. Турак жай менчик ээлеринин шериктигин башкарууну жүзөгө ашырган адамдардын, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын же болбосо башкаруучу компаниянын шайлоо мыйзамдарында каралган шайлоо алдындагы мыйзамдуу үгүт жүргүзүүгө тоскоолдук кылуусу -

жеке жактарга 50 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

Эскертүү. Ушул берененин 4 жана 5-бөлүктөрүндө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу деп, эгерде мындай аракеттер ушул Кодексте каралган башка укук бузуулардын белгилерин камтыбаса, мыйзамдарда тыюу салынбаган ыкмада жана тартипте шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү максатында жайларга, объекттерге же аймактарга кирүү үчүн тоскоолдуктарды мыйзамсыз түзүү же шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү үчүн белгиленген тартипте берилген объекттерди, жайларды, аянттарды, нерселердин үстүн же конструкцияларды берүүдөн негизсиз баш тартуу же болбосо аларды пайдаланууну токтотуу жөнүндө талап коюу, ошондой эле шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө тоскоолдук кылган же аны жүргүзүүнү олуттуу кыйындаткан башка шарттарды атайылап түзүү же болбосо ушундай шарттарга жол берүү түшүнүлөт.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 14-июлундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [64-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-64)  
Кийинки берене: [66-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-66)
