# 63-берене. Шайлоочунун (референдумдун катышуучусунун) акчалай каражаттарды жана материалдык баалуулуктарды алуусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-63>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-63.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 63-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-63

---

Добушту сатып алуучулардын же алардын атынан чыккан жактардын пайдасына активдүү шайлоо укугун ишке ашыргандыгы үчүн шайлоочунун (референдумдун катышуучусунун) жеке өзү, же болбосо ортомчу аркылуу акчалай каражаттарды жана (же) материалдык баалуулуктарды алуусу – 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. Эскертүү. Ушул беренеде каралган аракеттерди жасаган адам, эгерде шайлоону жана референдумду даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө акчалай каражаттарды жана материалдык баалуулуктарды алгандыгы тууралуу өз ыктыяры менен билдирсе, жоопкерчиликтен бошотулат.

---

Мурунку берене: [62-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-62)  
Кийинки берене: [64-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-64)
