# 62-берене. Шайлоочулардын жана шайлануучу кызмат ордуна талапкерлердин билип туруп анык эмес маалыматтарды берүүсү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-62>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-62.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 62-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-62

---

1. Жарандын шайлоо комиссиясына, каттоо органына шайлоочуларды каттоо жана тизмеге киргизүү максатында билип туруп туура эмес маалыматтарды берүүсү, ошого тете шайлоочулардын тизмесине киргизүү максатында мыйзамсыз каттоо боюнча башка адамдардын аракеттери –

200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкердин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкердин билип туруп шайлоо жөнүндө мыйзамдарда каралган анык эмес маалыматтарды, документтерди, анын ичинде башка мамлекеттин жарандыгы жоктугу тууралуу документти берүүсү, ошондой эле талапкерликке көрсөтүү, каттоо жана шайлануу үчүн тоскоол болгон маалыматтарды жашыруусу, –

200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [61-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-61)  
Кийинки берене: [63-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-63)
