# 574-берене. Иштин белгилүү бир түрүн токтотуу, объектти баштапкы абалына келтирүү, объектти же болбосо анын бөлүгүн бузуу (демонтаждоо) түрүндөгү кошумча укуктук кесепеттерди аткаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 59-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-574>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-574.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 574-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-574

---

Иштин белгилүү бир түрүн токтото туруу, объектти баштапкы абалына келтирүү буга ыйгарым укуктуу тийиштүү органдын чечиминин негизинде аткарылат. Курулуш жумуштарынын өндүрүшүн токтотуу жөнүндө чечимдин аткарылышы курулуш жумуштарын жүргүзүүгө уруксат документтерин чакыртып алуу жолу менен жүргүзүлөт. Объектти баштапкы абалына келтирүү, объектти же болбосо анын бөлүгүн бузуу (демонтаждоо) ыйгарым укуктуу органдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

| Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
| --- | --- |
| 2021-жылдын 22-сентябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |

---

Мурунку берене: [573-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-573)
