# 5722-берене. Электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салууларды жана (же) чектөөлөрдү аткаруунун тартиби жана мөөнөттөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 59-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 октября 2025 года № 214 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, Закон Кыргызской Республики "Об охране и защите от семейного насилия")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230032975)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=37924..39425>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-5722>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-5722.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 5722-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-5722

---

1. Сот тарабынан дайындалган электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салуулар жана (же) чектөөлөр юстиция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан аткарылат.

2. Электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салуулар жана (же) чектөөлөр дайындалган адам белгиленген тыюу салуулардын жана (же) чектөөлөрдүн талаптарын аткарууга милдеттүү.

3. Электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салуулар жана (же) чектөөлөр дайындалган адамды контролдоо ички иштер органдарына жүктөлөт.

4. Белгиленген электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салууларды жана (же) чектөөлөрдү аткаруудан баш тарткан адам ушул Кодекске ылайык жоопкерчиликке тартылат.

5. Электрондук байкоо жүргүзүүнүн тартиби жана шарттары, ошондой эле контролдоонун электрондук жана башка техникалык каражаттарын колдонуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

(КР 2025-жылдын 15-октябрындагы № 214 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5721-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-5721)  
Кийинки берене: [573-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-573)
