# 572-берене. Атайын укуктан ажыратуу түрүндө кошумча укуктук кесепеттерди аткаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 59-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-572>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-572.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 572-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-572

---

1. Ушул кодекстин 39-беренесинде белгиленген учурда атайын укуктан ажыратуу түрүндөгү кошумча укуктук кесепеттерди колдонуу мыйзамдарда каралган тартипте мындай укукту берүүгө ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Адамды атайын укуктан ажыратуу жөнүндөгү маселени демилгелөө боюнча ыйгарым укук компетенциясына кирбеген сот, ыйгарым укуктуу орган адамга белгилүү ишти жүргүзүү үчүн укук (лицензия, уруксат ж.б.) берүүчү тийиштүү органга материалды (жаза чарасы жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген токтомдун көчүрмөсүн) жиберүүгө милдетүү.

3. Жакка аныкталган ишти жүзөгө ашырууга укук берүүчү тиешелүү орган, материалдар келип түшкөндө мыйзамда белгиленген тартипте өз алдынча же сотко кайрылуу аркылуу атайын укуктан ажыратуу жөнүндө чечимди кабыл алууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [5711-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-5711)  
Кийинки берене: [5721-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-5721)
