# 5711-берене. Жол кыймылынын эрежелерин билүүсүнө квалификациялык экзамендерди кайра тапшырууга жөнөтүү түрүндөгү кошумча укуктук кесепеттерди аткаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 59-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 27 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере безопасности дорожного движения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112511)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=1283327..1283329>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-5711>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-5711.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 5711-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-5711

---

1. Ушул Кодекстин 381-беренесинде белгиленген учурларда жол кыймылынын эрежелерин билүүсүнө квалификациялык экзамендерди кайра тапшырууга жөнөтүү түрүндөгү кошумча укуктук кесепеттерди колдонуу ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы үч жумуш күндүн ичинде адамга транспорт каражаттарын башкаруу укугун берген тиешелүү органга материалдарды жөнөтөт, бул тууралуу маалыматтарды Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалымат тутумуна (АМТ) киргизет.

3. Адамга транспорт каражаттарын башкаруу укугун берген орган материалдар келип түшкөндө, мыйзамдарда белгиленген тартипте жол кыймылынын эрежелерин билүү боюнча квалификациялык сынактарды кайра тапшырууну уюштурууга жана кабыл алууга милдеттүү.

(КР 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [571-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-571)  
Кийинки берене: [572-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-572)
