# 571-берене. Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү түрүндөгү кошумча укуктук кесепеттерди аткаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 59-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 января 2024 года № 26 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000989)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=2091..2102>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-571>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-571.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 571-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-571

---

1. Укук бузууларга бөгөт коюу (токтотуу) максатында транспорт каражатын башкаруудан четтетүү ушул Кодекстин 38-беренесинде каралган жагдайлар келип чыккан учурда ички иштер органдарынын жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктуу адамдары тарабынан токтоосуз аткарылат.

2. Айдоочу транспорт каражатын башкаруудан четтетилген учурда, ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, ошондой эле транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган иш боюнча чечим кабыл алынганга жана транспорт каражатын башкаруудан четтетүүгө негиз катары кызмат кылган себептер жоюлганга чейин транспорт каражатын убактылуу сактоо үчүн адистештирилген (айыптык) унаа токтотуучу жайга жеткирет.

(КР 2024-жылдын 24-январындагы N 26 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [570-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-570)  
Кийинки берене: [5711-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-5711)
