# 568-берене. Айып пул салуу жана туумдарды өндүрүү жөнүндө токтомду мажбурлап аткартуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 59-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 8 февраля 2024 года № 41 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001255)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=2102..3006>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-568>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-568.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 568-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-568

---

1. Туум эсептелбеген укук бузгандыгы үчүн айып пул салуу жөнүндө токтом мыйзамда белгиленген мөөнөттө ыктыярдуу тартипте аткарылбаган учурда, ыйгарым укуктуу орган (өндүрүп алуучу) ушул Кодекстин 559-беренесинде каралган эскирүү мөөнөтү аяктаганга чейин, аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте мажбурлап аткартуу үчүн айып пул салуу жөнүндө токтомду сот аткаруучуга жөнөтөт.

2. Укук бузгандыгы үчүн айып пулду мыйзамда белгиленген мөөнөттө ыктыярдуу тартипте төлөбөгөн жана анын эң көп өлчөмүнө жеткен учурда, ыйгарым укуктуу орган (өндүрүп алуучу) туумду кошуп эсептөө жөнүндө токтом чыгарат жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте мажбурлап аткартуу үчүн айып пул салуу жана туумдарды кошуп эсептөө жөнүндө өзүнүн токтомдорун сот аткаруучуга жөнөтөт.

Токтомдорду сот аткаруучуга жөнөтүү жөнүндө маалыматтар Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалыматтык системасына (АМС) киргизилет. (КР 2024-жылдын 8-февралындагы № 41 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [567-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-567)  
Кийинки берене: [569-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-569)
