# 566-берене. Камакка алуу жөнүндө токтомду аткаруунун мөөнөттөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 58-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-566>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-566.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 566-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-566

---

Камакка алуу жөнүндө соттун токтому чыгарылгандан кийин токтоосуз аткарылат. Камакка алуу жөнүндө токтомду аткаруу камакка алынган адамдын камоодо болуусуна тоскоолдук кылуучу оорусу, жаракаты же майыптыгы бар экени тууралуу медициналык корутундунун негизинде, ошондой эле өзгөчө жеке жагдайлар (жакын тууганы катуу ооруп калган же каза болгон, же болбосо камакка алынган адамга же анын үй-бүлөсүнө олуттуу материалдык зыян келтирилген өзгөчө кырдаалдар) келип чыккан учурда судья тарабынан үч суткалык мөөнөткө чейин токтотулушу же кыскартылышы мүмкүн. Камакка алууну токтото туруунун мөөнөтү камакта болуу мөөнөтүнө эсептелбейт. Камакка алуу жөнүндө токтомдун аткарылышы токтотулган адам камак өтөө жайына көрсөтүлгөн мөөнөттө кайтып келүүдөн качкан учурда, көрсөтүлгөн жак ички иштер органдары тарабынан камак өтөө жайына өткөрүп берилгенге чейин кармалууга тийиш.

---

Мурунку берене: [565-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-565)  
Кийинки берене: [567-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-567)
