566-берене. Камакка алуу жөнүндө токтомду аткаруунун мөөнөттөрү
Күчүндө · 09.10.2026 редакциясы · 58-глава
Камакка алуу жөнүндө соттун токтому чыгарылгандан кийин токтоосуз аткарылат. Камакка алуу жөнүндө токтомду аткаруу камакка алынган адамдын камоодо болуусуна тоскоолдук кылуучу оорусу, жаракаты же майыптыгы бар экени тууралуу медициналык корутундунун негизинде, ошондой эле өзгөчө жеке жагдайлар (жакын тууганы катуу ооруп калган же каза болгон, же болбосо камакка алынган адамга же анын үй-бүлөсүнө олуттуу материалдык зыян келтирилген өзгөчө кырдаалдар) келип чыккан учурда судья тарабынан үч суткалык мөөнөткө чейин токтотулушу же кыскартылышы мүмкүн. Камакка алууну токтото туруунун мөөнөтү камакта болуу мөөнөтүнө эсептелбейт. Камакка алуу жөнүндө токтомдун аткарылышы токтотулган адам камак өтөө жайына көрсөтүлгөн мөөнөттө кайтып келүүдөн качкан учурда, көрсөтүлгөн жак ички иштер органдары тарабынан камак өтөө жайына өткөрүп берилгенге чейин кармалууга тийиш.
Берененин тексти 09.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
566-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112306/st-566" title="566-берене - Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>