# 565-берене. Чет өлкөлүк жарандарды чыгаруу жөнүндө токтомдун аткарылышы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 58-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 апреля 2025 года № 80 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026412)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=30895..31353>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-565>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-565.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 565-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-565

---

Чет өлкөлүк жарандарды Кыргыз Республикасынын чегинен чыгаруу жөнүндө токтом Мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, ички иштер органдары тарабынан аткарылат. Чет өлкөлүк жарандарды чыгаруу жөнүндө токтомду аткаруу, көрсөтүлгөн адам чыгарылып жаткан аймактагы чет мамлекеттин бийлик өкүлүнө чет өлкөлүк жаранды расмий өткөрүп берүү жолу менен, же болбосо Кыргыз Республикасынан чыгарылып жаткан адамдын өз алдынча чыгуусун контролдоо жолу менен жүргүзүлөт. Чет өлкөлүк жарандарга салынган айып пулдун төлөнбөй калышы чет өлкөлүк жарандарды чыгарып жиберүү түрүндөгү жаза чарасынын аткарылышына тоскоолдук кылбайт. Эгерде чыгарылып жаткан адамды чет мамлекеттин өкүлүнө берүү Кыргыз Республикасынын көрсөтүлгөн мамлекет менен түзүлгөн келишими менен каралбаса, чыгаруу Мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган аныктаган жерде жүзөгө ашырылат. Эгерде чыгаруу көрсөтүлгөн мамлекет менен Кыргыз Республикасынын келишиминде каралса, чет өлкөлүк жаранды Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пунктунан чыгаруу жөнүндө анын аймагына (аймагы аркылуу) көрсөтүлгөн адам чыгарылып жаткан чет өлкөлүк бийликке кабарланат. Чет өлкөлүк жаранды чагаруу жөнүндө токтомдун аткарылышы эки тараптуу же бир тараптуу акт түрүндө жол-жоболоштурулуп, токтомго тиркелип коюлат. (КР 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 80 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5642-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-5642)  
Кийинки берене: [566-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-566)
