# 563-берене. Айып пул салуу жөнүндө токтомду аткаруу мөөнөтү жана тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 58-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 июня 2026 года № 81 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам обеспечения безопасности дорожного движения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047510)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 05.06.2026 [Закон КР от 5 июня 2026 года № 81 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам обеспечения безопасности дорожного движения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047510); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 23.07.2024 [Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011207); 24.01.2024 [Закон КР от 24 января 2024 года № 26 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000989); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552); 15.02.2023 [Закон Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 27 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере безопасности дорожного движения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112511)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=53975..54769>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-563>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-563.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 563-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-563

---

1. Айып пул, айып пул салынгандыгы жөнүндө токтом тапшырылган күндөн баштап отуз календардык күндөн кечиктирбестен, ал эми токтомго даттанылган учурда, ал даттануу канааттандырылбагандыгы тууралуу билдирүүнү алган күндөн баштап он беш күндөн кечиктирилбестен төлөнүүгө тийиш.

2. Укук бузуу жасалгандан башка жерде айып пулду төлөөнү өндүрүүдө айып пулду төлөө банк картасын пайдалануу менен терминал аркылуу жүргүзүлөт, ал эми төлөөнүн мындай түрүн пайдалануу мүмкүн болбогондо, укук бузуулар үчүн, жоопкерчиликке тартылып жаткан адамга ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген формадагы айып квитанциясы берилет, ал так финансылык отчеттуулук документи болуп саналат жана эки нускада түзүлөт. Укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адам салынган жаза чарасы менен макул экендигин ыктыярдуу айып пулду төлөө жана айып квитанциясынын биринчи нускасына кол коюу менен тастыктайт, мында анын экинчи нускасы ушул жаза чарасы колдонулган адамга берилет.

3. Айып пулду төлөө бузуу жасалгандан башка жерде төлөнгөн учурда, укук бузуу жасагандыгы үчүн салынган айып пул бузуучу тарабынан банк мекемелерине же почта байланышынын улуттук операторуна накталай же накталай эмес төлөм түрүндө төлөнөт.

4. Өндүрүп алынган, анын ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан салынган айып пулдун суммалары республикалык жана жергиликтүү бюджетке которулат.

Айып пуддарды төлөөдөн келип түшкөн каражаттарды тиешелүү мамлекеттик органдардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана алардын кызматкерлерине дем берүү үчүн бөлүштүрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

5. Ушул Кодекстин 177-181-беренелерин, 182-беренесинин 4-бөлүгүн, 184-беренесинин 3-бөлүгүн, 185-беренесин, 187-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрүн, 189, 193-беренелерин, 194-беренесинин 3-бөлүгүн, 195 - 200-2-беренелерин жана 449-беренесин кошпогондо, 21-главасында каралган укук бузуулар үчүн айып пулдар айып салуу жөнүндө токтомду алган күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде төлөнгөн учурда, айып пулдардын өлчөмү 70 пайызга азайтылат.

6. Ушул Кодекстин 308, 308-1, 309-2, 311-1, 317-беренелеринде, 318-беренесинин 2-4-2-бөлүктөрүндө, 319, 321 жана 354-беренелеринде каралган укук бузуулар үчүн айып пулдар төлөнгөн учурда, айып пул салуу жөнүндө токтом алынган күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде айып пулдардын өлчөмдөрү 70 пайызга азайтылат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 15-февралындагы № 27, 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 24-январындагы N 26, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 , 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 , 2026-жылдын 5-июнундагы № 81 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [562-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-562)  
Кийинки берене: [564-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-564)
