# 561-берене. Коомдук иштерге тартуу жөнүндө токтомду аткаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 58-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 октября 2026 года № 149 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/230052088)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=57641..59866>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-561>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-561.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 561-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-561

---

1. Коомдук иштерге тартуу жөнүндө соттун токтому Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте пробация органдары менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталуучу объекттерде укук бузуучунун жашаган жери боюнча пробация органдары тарабынан аткарылат.

2. Коомдук иштердин түрлөрүнүн жана аткаруу объекттеринин тизмеги пробация органдары менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталат.

3. Коомдук иштер түрүндөгү жаза чарасы жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген токтому пробация органдарына келип түшкөн күндөн тартып он күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен аткарылат.

4. Коомдук иштерге тартылган укук бузуучулар соттун токтому күчүнө кирген күндөн тартып он күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен соттун чечимин аткаруу үчүн пробация органына келүүгө милдеттүү.

5. Пробация органдары:

1) коомдук иштерге тартуу түрүндө жаза чарасы колдонулган адамдарды эсепке алууну жүргүзөт;

2) аларга коомдук иштерге тартуу түрүндөгү жаза чарасын өтөө тартибин жана шарттарын түшүндүрөт;

3) коомдук иштерди аткаруунун объекттерин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашат;

4) алар тарабынан иштелген убакыттын суммалык эсебин жүргүзөт.

5) электрондук-техникалык контролдоо каражаттарын пайдаланышат.

Эскертүү. Электрондук-техникалык контролдоо каражаттары - коомдук жумуштардын аткарылышын контролдоо үчүн арналган түзүлүштөр жана программалык камсыздоо. (КР 2026-жылдын 6-октябрындагы № 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [560-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-560)  
Кийинки берене: [562-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-562)
