# 559-берене. Жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтомду аткаруунун эскириши

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 58-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-559>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-559.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 559-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-559

---

1. Эгерде жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтом мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып үч жылдын аралыгында аткарууга киргизилбесе, ал аткарылбайт.

2. Эгерде укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылган адам жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтомду аткаруудан баш тартса, эскирүү мөөнөтүнүн жүрүшү токтотулат, мындай учурда эскирүү мөөнөтүн эсептөө ошол адам табылган күндөн баштап кайра жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [558-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-558)  
Кийинки берене: [560-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-560)
