# 556-берене. Жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтомдун аткарылышы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 58-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-556>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-556.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 556-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-556

---

1. Соттун жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтомун аткаруу укук бузуу жөнүндө протокол түзгөн органга жүктөлөт.

Калган учурларда жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтомдун аткарылышы ыйгарым укуктуу органга жүктөлөт.

2. Сотттун жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтому даттанылган учурда, ушул токтомду күчүндө калтыруу тууралуу соттун чечими укук бузуулар жөнүндө протокол түзгөн органга аны аткаруу үчүн мыйзамдуу күчүнө киргенден тартып үч сутканын ичинде жөнөтүлөт.

Ыйгарым укуктуу органдын жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтому сотко даттанылган учурда, ушул токтомду күчүндө калтыруу тууралуу соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып үч сутканын ичинде аны аткаруу үчүн ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт.

3. Жаза чарасын колдонуу жөнүндө соттун токтому жокко чыгарылган жана укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүш кыскарган учурда, иштин материалдары архивдик иш боюнча мыйзамдарга ылайык укук бузуу жөнүндө протокол түзгөн органга сактоо үчүн кайтарылып берилет.

Жаза чарасын колдонуу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын токтому сот тарабынан жокко чыгарылган жана укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүш кыскарган учурда, иштин материалдары Кыргыз Республикасынын архив иши боюнча мыйзамдарына ылайык сактоо үчүн ыйгарым укуктуу органга кайтарылып берилет.

---

Мурунку берене: [555-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-555)  
Кийинки берене: [557-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-557)
