# 554-берене. Укук бузуу жөнүндө иш боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтомуна даттануу боюнча кабыл алынган райондук (шаардык) соттун судьясынын токтомуна даттануу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 57-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-554>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-554.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 554-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-554

---

1. Укук бузуу жөнүндө иш боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтомуна даттануу боюнча кабыл алынган райондук (шаардык) соттун судьясынын токтомуна тараптар аппеляциялык тартипте даттануусу мүмкүн.

2. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча соттун токтомуна даттануу аны чыгарган күндөн тартып он күндүн ичинде берилиши мүмкүн.

3. Апелляциялык инстанциядагы соттогу иш боюнча өндүрүш ушул Кодекстин 56-главасында каралган эрежелер боюнча жүзөгө ашырылат.

4. Даттанууну кароонун жыйынтыгы боюнча апелляциялык инстанциядагы сот төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:

1) апелляциялык даттанууну канааттандыруусуз калтыруу жөнүндө;

2) биринчи инстанциядагы соттун токтомун жокко чыгаруу жөнүндө жана укук бузуулар жөнүндө иш боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтомун өзгөртүүсүз калтыруу жөнүндө;

3) биринчи инстанциядагы соттун токтомун жокко чыгаруу жөнүндө жана укук бузуу жөнүндө иш боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтомун жокко чыгаруу жана укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө.

5. Апелляциялык даттанууну кароонун жыйынтыгы боюнча чечим аныктама түрүндө чыгарылат.

6. Апелляциялык даттанууну кароонун жыйынтыгы боюнча соттун аныктамасы мыйзамдуу күчүнө токтоосуз кирет жана даттанууга жатпайт.

7. Апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамасынын көчүрмөсү беш күндүн ичинде укук бузуулар жөнүндө иш боюнча тараптарга жөнөтүлөт.

---

Мурунку берене: [553-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-553)  
Кийинки берене: [555-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-555)
