# 552-берене. Соттун түздөн-түз караштуулугундагы укук бузуулар боюнча кабыл алынган укук бузуу жөнүндө иш боюнча соттун токтомуна апелляциялык тартиптеги даттанууну экинчи инстанциядагы сот тарабынан кароо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 57-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 июня 2026 года № 81 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам обеспечения безопасности дорожного движения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047510)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 05.06.2026 [Закон КР от 5 июня 2026 года № 81 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам обеспечения безопасности дорожного движения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047510); 04.08.2023 [Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 156 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/112642)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=53975..54769>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-552>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-552.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 552-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-552

---

1. Экинчи инстанциядагы сот үч судьянын курамында апелляциялык тартипте ушул Кодекстин 454-беренесине ылайык түздөн-түз соттун караштуулугундагы укук бузуулар боюнча иштин жыйынтыгы менен кабыл алынган укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтомго даттанууну кароонун жыйынтыгы менен, төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алат:

1) укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтомду өзгөртүүсүз, ал эми апелляциялык даттанууну, апелляциялык сунушту - канааттандыруусуз калтыруу тууралуу;

2) укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтомду жокко чыгаруу жана иш боюнча өндүрүштү кыскартуу тууралуу;

3) токтомду өзгөртүү жөнүндө;

4) укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтомду жокко чыгаруу жана жаңы аныктама чыгаруу тууралуу.

2. Экинчи инстанциядагы сот укук бузуулар жөнүндө иш боюнча соттун токтомуна даттанууда ушул Кодекстин 56-главасында каралган эрежелерди колдонот.

3. Даттанууларды апелляциялык тартипте кароонун жыйынтыгы боюнча чечим аныктама түрүндө чыгарылат, мыйзамдуу күчүнө токтоосуз кирет жана даттанууга жатпайт.

4. Укук бузуу жөнүндө иш боюнча түздөн-түз соттун караштуулугу боюнча каралган иштин жыйынтыгы менен кабыл алынган токтомго карата берилген апелляциялык даттануу боюнча соттун аныктамасынын көчүрмөсү үч күндүн ичинде ага карата чыгарылган адамга жана жабыр тартуучуга анын өтүнүчү боюнча жөнөтүлөт.

(КР 2023-жылдын 4-августундагы № 156 , 2026-жылдын 5-июнундагы № 81 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [551-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-551)  
Кийинки берене: [553-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-553)
