# 551-берене. Райондук (шаардык) соттун судьясы тарабынан укук бузуу жөнүндө иш боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтомуна даттануусун кароо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 57-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-551>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-551.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 551-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-551

---

1. Укук бузуу жөнүндө иш боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтомуна даттанууну кароонун жыйынтыгы менен, райондук (шаардык) соттун судьясы төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алат:

1) укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтомду өзгөртүүсүз, ал эми даттанууну – канааттандыруусуз калтыруу тууралуу;

2) укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтомду жокко чыгаруу жана укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү кыскартуу тууралуу.

2. Даттанууларды кароонун жыйынтыгы боюнча чечим токтом түрүндө чыгарылат жана токтоосуз мыйзамдуу күчүнө кирет.

3. Укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтомго даттануу боюнча токтомдун көчүрмөсү үч күндүн ичинде токтом чыгарылган адамга жана жабыр тартуучуга жөнөтүлөт.

---

Мурунку берене: [550-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-550)  
Кийинки берене: [552-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-552)
