# 55-берене. Укук бузууларды, аларды жасаган адамдарды, ошондой эле колдонулган жаза чараларын жана кошумча укуктук кесепеттерди каттоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 июня 2025 года № 116 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, Закон Кыргызской Республики "Об органах внутренних дел Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230028505)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 11.06.2025 [Закон КР от 11 июня 2025 года № 116 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, Закон Кыргызской Республики "Об органах внутренних дел Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230028505); 15.02.2023 [Закон Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 27 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере безопасности дорожного движения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112511)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=33444..33627>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-55>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-55.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 55-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-55

---

1. Укук бузууларды, аларды жасаган жактарды, ошондой эле колдонулган жаза чараларын жана кошумча укуктук кесепеттерди каттоо Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин Автоматташтырылган маалымат тутумунда (АМТ) жүзөгө ашырылат.

Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалымат тутумунун (АМТ) ээси болуп ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган саналат.

2. Укук бузуулардын бирдиктүү реестри жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

3. Ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдары, прокурор укук бузуу жөнүндө протоколду түзгөндөн кийин 72 сааттан кечиктирбестен, Укук бузуулардын бирдиктүү реестрине тиешелүү маалыматтарды киргизүүгө милдеттүү.

4. Сот, ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдары, прокурор Укук бузуулардын бирдиктүү реестринде укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун андан аркы натыйжаларын токтоосуз киргизет.

5. Ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамынын укук бузууларды эсепке алуудан жашыруусу же Укук бузуулардын бирдиктүү реестрине тиешелүү маалыматтарды киргизбөөсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

(КР 2023-жылдын 15-февралындагы № 27, 2025-жылдын 11-июнундагы № 116 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

ӨЗГӨЧӨ БӨЛҮК

---

Мурунку берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-54)  
Кийинки берене: [56-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-56)
