# 547-берене. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтомго даттануу тартиби жана мөөнөтү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 57-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 156 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/112642)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=1283333..1283334>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-547>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-547.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 547-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-547

---

1. Укук бузуу жөнүндө иш боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтому райондук (шаардык) сотко даттанылышы мүмкүн.

2. Укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтомго даттануу токтомдун көчүрмөсү тапшырылган же аны почта аркылуу алган күндөн тартып, он күндүн ичинде берилиши мүмкүн. Көрсөтүлгөн мөөнөт жүйөлүү себептерден улам өтүп кеткен учурда өзүнө карата токтом чыгарылган адамдын арызынын негизинде бул мөөнөт сот тарабынан ордуна келтирилет.

Мөөнөттү өткөрүп жиберүүнүн жүйөлүү себептери документтер менен тастыкталган адамдын оорусу, анын иш сапарында жүргөндүгү, табигый кырсыктар ж.б. болушу мүмкүн.

3. Соттун, сотко түздөн-түз караштуулугу боюнча ушул Кодекстин 454-беренесинде каралган укук бузуулар боюнча кабыл алынган токтом экинчи инстанциядагы сотторго токтомдун көчүрмөсү берилген күндөн тартып он күндүн ичинде апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн.

4. Жасагандыгы үчүн камакка алуу түрүндө жаза чарасы салынган укук бузуулар жөнүндө иш боюнча кабыл алынган соттун токтому апелляциялык тартипте экинчи инстанциядагы сотторго даттанылышы мүмкүн жана апелляциялык даттануу берилген учурдан тартып 48 сааттан кечиктирилбестен соттор тарабынан каралууга тийиш.

(КР 2023-жылдын 4-августундагы № 156 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [546-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-546)  
Кийинки берене: [548-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-548)
