# 545-берене. Кабарландыруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 56-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Күчүнө кире элек өзгөртүү: [Закон КР от 6 октября 2026 года № 148 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уведомления лиц государственными органами посредством сервиса гарантированной доставки сообщений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230052090)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=57641..59866>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-545>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-545.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 545-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-545

---

Сот же ыйгарым укуктуу орган ишти кароо же башка процесстик аракеттерди жүзөгө ашыруу башталганга чейин 24 сааттан кечиктирбестен укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн катышуучуларына ишти кароонун датасы жана орду, айрым процессуалдык аракеттер жөнүндө тиешелүү кабарландыруу жөнөтүлгөн жана дарек ээси алган фактысын белгилөөгө мүмкүнчүлүк берүүчү билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлайт, ишти кароого же башка процессуалдык аракеттерди жүзөгө ашырууга катышуу үчүн аларды чакырат. Билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарландыруу жиберүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүк же болбосо зарыл болгон маалыматтар жок болгон учурда, кабарландыруу тиешелүү кабарландыруу жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү электрондук почта же телекоммуникациянын башка ушуга окшош формалары аркылуу жөнөтүлөт. Жогоруда көрсөтүлгөн ыкмаларды пайдалануу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда кабарландыруу кол койдуруп алуу менен тапшырылгандыгы жөнүндө тапшырык кат менен жөнөтүлүүчү соттун чакыруу кагазы аркылуу жүзөгө ашырылат. Билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервисинин иштөө тартиби, ошондой эле көрсөтүлгөн сервис аркылуу кабарлоолорду (кабарландырууларды, чакыруу кагаздарын, документтерди) жиберүү, жеткирүү жана белгилөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-октябрындагы № 148 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [544-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-544)  
Кийинки берене: [546-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-546)
