# 544-берене. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча документти кабыл алуудан баш тартуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 56-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-544>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-544.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 544-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-544

---

1. Өзүнө карата укук бузуу жөнүндө иш боюнча документтер түзүлгөн жак же анын үй-бүлөсүнүн жашы жеткен мүчөлөрү, ошондой эле өзүнө карата укук бузуулар жөнүндө иш боюнча документтер түзүлүп жаткан жактын катталган жеринде жашаган башка жактар укук бузуулар жөнүндө иш боюнча документти кабыл алуудан баш тарткан учурда, документти алып барган адам ага тиешелүү белги коюу менен аны жөнөткөн ыйгарым укуктуу органга (кызмат адамына) кайрадан кайтарат. Мындай учурда укук бузуулар жөнүндө иш боюнча документ расмий тартипте тапшырылды деп эсептелет.

2. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча документ даректелген жактын документти кабыл алуудан баш тартуусу ишти кароо же болбосо айрым процесстик иш-аракеттерди жасоо үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

---

Мурунку берене: [543-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-543)  
Кийинки берене: [545-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-545)
