# 543-берене. Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча документтерди тапшыруу жана жөнөтүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 56-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 октября 2025 года № 233 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/230033468)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=39425..40261>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-543>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-543.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 543-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-543

---

1. Ушул Кодексте белгиленген учурларда, укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча документтер (аныктамалар, протоколдор, токтомдор, тескемелер) өндүрүштүн катышуучуларына сот же ыйгарым укуктуу орган (кызмат адамы) тарабынан тапшырылат. Тапшыруу жеке өзүнө, "Почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте тапшырык почта жөнөтмөсү аркылуу же электрондук түрдө жүзөгө ашырылат.

2. Укук бузуу жөнүндөгү иш боюнча документ ага карата өндүрүш жүргүзүлүп жаткан адамга, же болбосо анын үй-бүлөсүнүн жашы жеткен мүчөлөрүнүн бирине, ошондой эле ага карата укук бузуу жөнүндө иш боюнча документ түзүлгөн адам катталган жерде жашаган башка адамдарга жеке тапшырылган учурдан тартып тапшырылды деп эсептелет.

3. Ага карата өндүрүш жүргүзүлүп жаткан адамга кошумча билдирүү максатында электрондук документ электрондук почтанын дарегине же болбосо СМС-билдирүү аркылуу жөнөтүлүшү мүмкүн. Мындай жөнөтүү маалыматтык мүнөзгө ээ жана документти расмий тапшыруу фактысы болуп саналбайт.

4. Электрондук документти жеткирүү жана аны башка электрондук байланыш каналдары аркылуу жөнөтүү (маалымдоо) тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

(КР 2025-жылдын 24-октябрындагы № 233 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [542-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-542)  
Кийинки берене: [544-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-544)
