# 541-берене. Токтомдордун түрлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 56-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-541>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-541.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 541-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-541

---

1. Сот же ыйгарым укуктуу орган укук бузуу жѳнүндѳ иш боюнча төмөнкүдөй, алардын электрондук көрүнүшү Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалымат тутуму (АМТ) тарабынан түзүлгөн токтомдордун бирин чыгарат:

1) жаза чарасын колдонуу жөнүндө;

2) иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө;

3) туумду кошуп эсептөө жөнүндө.

2. Адам айып пул төлөөдөн баш тарткан жана ушул Кодекстин 35-беренесинде көрсөтүлгөн туум эң көп өлчөмгө жеткен учурда, ыйгарым укуктуу орган туумду кошуп эсептөө жөнүндө токтом чыгарат.

Туумду кошуп эсептөө жөнүндө токтом анын өлчөмүн, ошондой эле айып пулдун өлчөмүн жана жаза чарасына алынууга тийиш болгон жалпы сумманы көрсөтүү менен сот аткаруучуларынын ишин уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга аткаруу өндүрүшү тууралуу мыйзамдарга ылайык жаза чарасын колдонуу үчүн жиберилет.

3. Соттор тарабынан айып пул салынган иштер боюнча туумду кошуп эсептөө жөнүндө токтом укук бузуу жөнүндө протокол түзгөн орган тарабынан чыгарылат.

4. Ушул Кодекстин 508-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун негизинде токтотулган иш боюнча, ушул Кодекстин 48-беренесинде каралган жаза чарасын колдонуунун эскирүү мөөнөттөрү өтүп кеткендигине байланыштуу өндүрүштү кыскартуу жөнүндө чечим укук бузуулар жөнүндө протоколду түзгөн орган тарабынан кабыл алынат.

---

Мурунку берене: [540-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-540)  
Кийинки берене: [542-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-542)
