# 540-берене. Алып коюлган мүлк жөнүндө чечим кабыл алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 56-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 июня 2022 года № 45 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112380)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=1283325..1283326>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-540>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-540.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 540-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-540

---

1. Мүлктү убактылуу алып коюу түрүндөгү кошумча укуктук кесепеттер колдонулган учурда ыйгарым укуктуу орган укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтомду жана протоколду сотко жөнөтөт, ошондой эле ушул беренеде каралган учурларды кошпогондо, чечим кабыл алуу үчүн башка материалдар да, бул жөнүндө маалыматтар Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалымат тутумуна (АМТ) киргизилет.

2. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтом, башка материалдар ыйгарым укуктуу орган тарабынан ага даттануу мөөнөтү өтүп кеткен учурдан тартып үч күндүн ичинде сотко жөнөтүлөт.

3. Сот ыйгарым укуктуу органдан материалдарды алганда 10 календардык күндүн ичинде аларды карайт жана төмөнкүдөй чечимдердин бирин чыгарат:

1) укук бузуунун түздөн-түз объекттери болуп саналуучу товарлар ташылган транспорт каражаттарын (анын ичинде башка ташуучу каражаттарды) кошпогондо, убактылуу алып коюлган мүлктү ээсине кайтарып берүү жөнүндө;

2) убактылуу алып коюлган мүлктү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жок кылуу жөнүндө;

3) убактылуу алып коюлган мүлктү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте конфискациялоо жөнүндө.

Ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген материалдарды кароонун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган соттун чечими токтом түрүндө чыгарылат.

4) тез бузулуучу товарларды жана продукцияларды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте сатуу жөнүндө.

4. Соттун чечими ушул Кодекске ылайык апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн.

(КР 2022-жылдын 16-июнундагы № 45 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [539-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-539)  
Кийинки берене: [541-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-541)
