540-берене. Алып коюлган мүлк жөнүндө чечим кабыл алуу
Күчүндө · 09.10.2026 редакциясы · 56-глава
1. Мүлктү убактылуу алып коюу түрүндөгү кошумча укуктук кесепеттер колдонулган учурда ыйгарым укуктуу орган укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтомду жана протоколду сотко жөнөтөт, ошондой эле ушул беренеде каралган учурларды кошпогондо, чечим кабыл алуу үчүн башка материалдар да, бул жөнүндө маалыматтар Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалымат тутумуна (АМТ) киргизилет.
2. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтом, башка материалдар ыйгарым укуктуу орган тарабынан ага даттануу мөөнөтү өтүп кеткен учурдан тартып үч күндүн ичинде сотко жөнөтүлөт.
3. Сот ыйгарым укуктуу органдан материалдарды алганда 10 календардык күндүн ичинде аларды карайт жана төмөнкүдөй чечимдердин бирин чыгарат:
1) укук бузуунун түздөн-түз объекттери болуп саналуучу товарлар ташылган транспорт каражаттарын (анын ичинде башка ташуучу каражаттарды) кошпогондо, убактылуу алып коюлган мүлктү ээсине кайтарып берүү жөнүндө;
2) убактылуу алып коюлган мүлктү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жок кылуу жөнүндө;
3) убактылуу алып коюлган мүлктү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте конфискациялоо жөнүндө.
Ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген материалдарды кароонун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган соттун чечими токтом түрүндө чыгарылат.
4) тез бузулуучу товарларды жана продукцияларды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте сатуу жөнүндө.
4. Соттун чечими ушул Кодекске ылайык апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн.
(КР 2022-жылдын 16-июнундагы № 45 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 09.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
540-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 16 июня 2022 года № 45 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях)"Редакцияларды салыштыруу
16.06.2022 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…ичинде аларды карайт жана төмөнкүдөй чечимдердин бирин чыгарат: 1) кошулду: укук бузуунун түздөн-түз объекттери болуп саналуучу товарлар ташылган транспорт каражаттарын (анын ичинде башка ташуучу каражаттарды) кошпогондо, убактылуу алып коюлган мүлктү ээсине кайтарып берүү жөнүндө; 2) … боюнча кабыл алынган соттун чечими токтом түрүндө чыгарылат. кошулду: 4) тез бузулуучу товарларды жана продукцияларды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте сатуу жөнүндө. 4. Соттун чечими ушул Кодекске ылайык апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн. кошулду: (КР 2022-жылдын 16-июнундагы № 45 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112306/st-540" title="540-берене - Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>