# 538-берене. Укук бузуулар жөнүндө ишти кароонун протоколу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 56-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-538>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-538.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 538-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-538

---

1. Сот же ыйгарым укуктуу орган тарабынан укук бузуу жөнүндө ишти кароодо, ушул Кодекстин 520-беренесинде каралган учурларды кошпогондо, протокол жүргүзүлөт.

2. Ишти кароонун протоколунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) ишти кароочу күн жана орду;

2) судьянын кызматы, фамилиясы, аты, атасынын аты же ыйгарым укуктуу органдын комиссиясынын аталышы жана курамы;

3) кандай иш каралып жаткандыгы;

4) ишти кароодо катышуучу адамдардын келиши жөнүндө маалыматтар;

5) баш тартуулар, өтүнүчтөр жана аларды кароонун натыйжалары;

6) ишти кароого катышуучу тиешелүү адамдардын түшүндүрмөлөрү, көрсөтүүлөрү, түшүндүрүүлөрү жана корутундулары;

7) ишти кароодо изилденген документтер көрсөтүлөт.

3. Протоколго тиешелүү түрдө судья жана сот отурумунун катчысы, ыйгарым укуктуу органдын комиссиясынын төрагасы жана ыйгарым укуктуу органдын комиссиясынын катчысы кол коёт.

---

Мурунку берене: [537-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-537)  
Кийинки берене: [539-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-539)
