# 535-берене. Укук бузуулар жөнүндө ишти кароонун мөөнөтү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 56-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 27 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере безопасности дорожного движения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112511)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=1283327..1283329>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-535>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-535.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 535-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-535

---

1. Укук бузуулар жөнүндө иш сот же ыйгарым укуктуу орган тарабынан укук бузуу жөнүндө протокол/прокурордун укук бузуу тууралуу ишти козгоо жөнүндө токтому жана иштин башка материалдары алынган күндөн тартып он күндүк мөөнөттө каралат.

2. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн катышуучусунан өтүнүч келип түшкөн же болбосо иш жагдайларын кошумча аныктоо зарыл болгон учурларда ишти кароо мөөнөтү, ишти караган сот же ыйгарым укуктуу орган тарабынан он күндөн ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн.

Өндүрүштүн катышуучуларынан автоматтык режимде иштеп турган фото жана кино тартуу, видеожазма функциялары бар, сертификатталган атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттарды колдонуу менен жазылып белгиленген укук бузуулар жөнүндө токтомдор боюнча өтүнүчтөр келип түшкөндө, жаза берүү жөнүндө токтомдун аткарылышы бул өтүнүчтөр ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралганга чейин токтотула турат.

3. Жаза чарасы катары камакка алуу түрүндө каралган укук бузуулар жөнүндө иш укук бузуулар жөнүндө протокол жана башка иштин материалдары келип түшкөн күнү, бирок адам кармалган учурдан тартып 48 сааттан кечиктирилбей каралат.

(КР 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [534-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-534)  
Кийинки берене: [536-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-536)
