# 533-берене. Укук бузуулар жөнүндөгү ишти кароого даярдоодо сот же ыйгарым укуктуу орган кабыл алуучу чечим

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 56-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-533>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-533.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 533-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-533

---

1. Укук бузуулар жөнүндө ишти кароого даярдоодо сот же ыйгарым укуктуу орган төмөнкүдөй чечим кабыл алат:

1) ишти кароонун убактысын жана ордун дайындоо жөнүндө;

2) адамдарды чакыруу, иш боюнча зарыл кошумча материалдарды талап кылуу, экспертизаны дайындоо жөнүндө;

3) ишти кароону кийинкиге калтыруу жөнүндө;

4) протокол түзүүгө жана башка иштин материалдарын жол-жоболоштурууга укугу жок адам тарабынан түзүлгөн, протокол түзүү/токтом чыгаруу жана башка материалдарды жол-жоболоштуруу туура эмес болгондо, же болбосо ишти кароодо берилген материалдардын толуктоого мүмкүн болбогон толук эмес болгон учурларда, протокол/токтом түзгөн ыйгарым укуктуу органдын өкүлүнө же кызмат адамына укук бузуу жөнүндө протоколду жана иштин башка материалдарын кайтарып берүү жөнүндө;

5) эгерде ошол ишти кароо анын компетенциясына кирбесе, үч жумушчу күндүн ичинде укук бузуулар жөнүндө протоколду/токтомду жана башка материалдарын караштуулугуна жараша кайтарып берүү жөнүндө;

6) ушул Кодексте каралган учурларда судьяны, ыйгарым укуктуу органдын өкүлүн четтетүү жөнүндө;

7) ушул Кодекстин 508-беренесинде каралган жагдайлар болгондо өндүрүштү токтотуу жөнүндө;

8) ушул Кодекстин 510-беренесинде каралган жагдайлар болгондо өндүрүштү кыскартуу жөнүндө.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1–6-пункттарында каралган чечимдер аныктама түрүндө чыгарылат.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 7 жана 8-пункттарында каралган чечим токтом түрүндө чыгарылат.

4. Соттун жана ыйгарым укуктуу органдын бардык чечимдери Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалымат тутумуна (АМТ) киргизилет.

---

Мурунку берене: [532-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-532)  
Кийинки берене: [534-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-534)
