# 531-берене. Укук бузуулар жөнүндө ишти кароого даярдоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 56-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-531>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-531.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 531-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-531

---

Сот же ыйгарым укуктуу орган укук бузуу жөнүндө ишти кароого даярдоодо төмөнкү маселелерди аныктайт:

1) тиешелүү ишти кароо анын компетенциясына киреби;

2) тиешелүү ыйгарым укуктуу органдын ишти кароосун жокко чыгарган жагдайлар барбы;

3) укук бузуу жөнүндө протокол, ошондой эле иштин башка материалдарын жол-жоболоштуруу туура түзүлгөнбү;

4) ушул Кодекстин 510-беренесинде каралган укук бузуу жөнүндө өндүрүштү жокко чыгаруучу жагдайлар барбы;

5) укук бузууларды маңызы боюнча кароо үчүн колдо бар материалдар жетиштүүбү;

6) өтүнүчтөр же четтетүүгө билдирүүлөр барбы.

---

Мурунку берене: [530-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-530)  
Кийинки берене: [532-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-532)
