# 53-берене. Зыяндын ордун толтуруу жана бузууларды четтетүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-53>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-53.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 53-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-53

---

1. Укук бузуу жасаган жана жоопкерчиликке тартылуучу адам келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттүү.

2. Укук бузуу жасаган адам келтирилген зыяндын ордун ыктыярдуу толтуруудан качкан учурда, анын ордун толтуруу жарандык сот өндүрүшү тартибинде жүзөгө ашырылат.

3. Укук бузуу жасаган адам, аны жоопкерчиликке тартууга негиз болуп аныкталган бузууларды жоюуга милдеттүү. Жаза чарасын колдонуу жана аны аткаруу адамды аныкталган бузууну жоюу милдетинен бошотпойт.

Эскертүү. Ушундай жолдор менен өтүү үчүн транспорт каражаттарынын жол берилүүчү салмак-габариттик параметрлеринин белгиленгенден ашып кетишинин натыйжасында Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоруна келтирилген зыяндын ордун толтуруу, мындай бузууну жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда орнотулган жана колдонулуучу атайын контролдоочу-өлчөөчү техникалык каражаттар жана фото жана видео фиксациялоо функциясы бар приборлор менен фиксацияланган учурда жүргүзүлбөйт.

---

Мурунку берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-52)  
Кийинки берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-54)
