# 529-берене. Алкоголь, баңгизат, психотроптук жана башка маң кылуучу заттар менен мас болгон абалды аныктоону күбөлөндүрүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 55-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-529>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-529.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 529-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-529

---

1. Транспорт каражатын башкарган адамдын мас абалында экендигинин ачык белгилери болсо, анын мас абалын күбөлөндүрүү үчүн атайын техникалык каражаттар колдонулат. Бул адам атайын техникалык каражаттарды пайдалануу менен мас абалын күбөлөндүрүүдөн баш тартканда, же болбосо мындай күбөлөндүрүүнүн жыйынтыгы менен макул болбогондо, ал медициналык күбөлөндүрүүгө жиберилет.

Күбөлөндүрүү жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

2. Мас абалын күбөлөндүрүү үчүн атайын техникалык каражаттарды колдонуу жөнүндө же медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө протоколго белги коюлат, анын көчүрмөсү өзүнө карата ушундай чара көрүлүп жаткан адамга тапшырылат.

3. Мас абалын күбөлөндүрүү үчүн атайын техникалык каражаттарды колдонуу жөнүндө же медициналык күбөлөндүрүү жүргүзүү жөнүндө белги укук бузуу жөнүндө протоколго аны түзгөн кызмат адамы, ошондой эле мас абалын күбөлөндүрүү үчүн атайын техникалык каражаттар колдонулган же медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөн айдоочу кол коёт. Айдоочу протоколго кол коюудан баш тартканда бул тууралуу протоколго тиешелүү жазуу жазылат. Айдоочу протоколдун мазмуну боюнча түшүндүрмө берүүгө жана сын пикирин айтууга, ошондой эле ага кол коюудан баш тартуусунун себептерин көрсөтүүгө укуктуу. Мындай түшүндүрмөлөр жана сын пикирлер протоколго тиркелет. Протоколдун көчүрмөсү айдоочуга берилет.

4. Мас абалын медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө акт тиешелүү протоколго тиркелет.

---

Мурунку берене: [528-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-528)  
Кийинки берене: [5291-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-5291)
